Бул китеп Джош Макдауэллдин «911 Долбоору. Психологиялык тез жардам» кызматынын бир бөлүгү. Кызматтын максаты — жаштар менен чоӊ адамдардын тил табышууга келүүсү жана Кудайдын эркине негизделген мамилени үй-бүлөсүндө жакшыртуу.
Джош Макдауэлл
Эд Стюарт
ПЛАНДАШТЫРЫЛБАГАН КОШ БОЙЛУУЛУК
Ыраазычылыктар
Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду;
Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге, долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган.
Анан дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Уорд Паблишиӊге» тереӊ ыраазыбыз.
Стефанинин окуясы
Апасынын унаасы жолдун кайрылышынан бурулуп кеткичекти Стефани терезенин жалюзисинин артынан карап турду. Андан кийин да, апасы кайтып келбей турганына көзү жеткенге чейин, ал ээн көчөнү көпкө тиктеп турду.
— Стефани, өзүӊдү карасаӊ боло, — деди Кейт каткырып күлүп. — Сен тим эле чыныгы шпиондой көрүнөсүӊ.
Он жети жашар Стефани Купер жана Кейт Холмс төртүнчү класстан бери достошуп келишет. Алардын агалары жакын дос болгондуктан, алар да бат эле достошуп кетишкен эле. Жайкы каникул аяктап, алар күткөн мектептин акыркы окуу жылы башталарына эки жума эле калган болчу.
— Апам кээде үйдө бирдемесин унутуп калып, кайтып келиши мүмкүн, — деди Стефани терезеден көзүн албай. Анын апасы азык–түлүк дүкөнүндө кассир болуп иштечү жана бүгүн ал кечки жумушка чыкмак — саат төрт жарымдан түнкү он экиге чейин. Стефани апасынын кайтып келбешин каалап жатты, себеби анын Кейт менен болгон сүйлөшүүсүнө кимдир бирөөнүн тоскоол болушун каалаган жок.
— Сен биринчи киного, андан кийин пиццерияга баргыӊ келеби? –деп сурады Кейт. Ал жерде бутун жыйып алып, «Көӊүл ачуу» аттуу гезиттин барактарын окуп отурган эле. — Кечки алтыга чейин билеттер эки эсе арзан болот экен, — деди Кейт.
Апасынын кайтып келбешине толугу менен көзү жеткенде, Стефани курбусуна бурулуп:
— Бүгүн мен эч жакка баргым келген жок, — деп тереӊ дем алды.
Кейт гезиттен көзүн алып, таӊ калуу менен аны карады.
— Сен өзүӊ кечээ, бүгүн киного барып, пицца жеп келүүнү каалаганыӊды айтпадыӊ беле?
Стефани жакын келип:
— Ооба, билем, бирок бул кечээ болчу да, — деди.
— А эмне болду, сен грипп болуп калдыӊбы?
— Жок, грипп болгон жокмун.
— Анда эмне болду? — деп Кейт чыдамсыздык менен курбусунун жообун күтүп жатты.
Стефани тырмак өгөөсүн толкундана кармалап жатты.
— Биз сүйлөшүүбүз керек, — деди ал акырында. Ал курбусунун көзүн карагандан качып жатты.
Бул үч сөз алар үчүн эӊ эле олуттуу сөздөр эле. Экөө теӊ бул сөздөрдүн артында кандайдыр бир маанилүү нерсе бар экендигин билип турушту. Жети жылдык достошуунун ичинде бул сөздөрдү алар бир нече жолу гана колдонушкан. Стефани бул сөздөрдү, алар бир жигитти жактырып калышкандыктан, ортосунда атаандаштык боло баштаган кезде айткан эле. Кыздар бул жөнүндө сүйлөшүп бүткөндөн кийин, дүйнөдөгү эч бир жигит алардын достугун бузууга татыбайт деген чечимге келишкен. Ал эми Кейт болсо «Биз сүйлөшүшүбүз керек» деп, Ыйса Машаякка өзүнүн жашоосун тапшырган кезде айткан болчу. Курбусунун өзгөрүүсү Стефаниге ушунчалык чоӊ таасир тийгизгендиктен, ал да аны менен чогуу жыйынга бара баштаган жана эки айдан кийин ал да Машаякка ишенип калган эле. Алар Машаяктагы бир тууган болуп калган күндөн баштап, алардын достугу мурункудан да бекемделе түштү.
Стефани Кейттин андан көзүн албай тиктеп турганын сезип жатты.
— Стефани, эмне болду? — деп олуттуу үн менен сурады Кейт.
Стефани анын суроосуна жооп берүүнү каалаган жок. Үч айдан бери ал өзүн коркунучтуу эч нерсе болбогонуна ишендирүүгө аракет жасап келген. Ал өзү да бул жалганга ишенип калган болчу, бирок эки саат мурун ал өзүн алдап жүргөнүн түшүндү.
— Деги эмне болду, Стефани? — деп сүйүктүү бир тууганындай тынчсыздана, анын абалын билгиси келип жатты. Ал курбусуна ийилип, колун анын тизесине койду. — Сен мага айтып беришиӊ керек. Кандай гана болбосун, сен билесиӊ го, мен сени түшүнөм.
Стефанини үмүтсүздүк менен дүрбөлөң каптай баштады. Ал башын өйдө көтөргөндө, анын эрди дирилдеп, көздөрүнөн жаш куюлуп кетти.
— Кейт, мен кош бойлуумун.
Ушул сөздөрдү айтаар замат, аны кармап турган эмоциялары атып чыккандыктан, ал сүйлөй албай калды. Бетин колдору менен жаап алып, буркурап ыйлап жатты.
— Жок, Стефани! — деп Кейт ачуу кыйкырып жиберди. Ал тизелей калып, курбусун ийининен кармады. Бир мүнөттөй Стефани ыйлап жатты, аны менен чогуу Кейт да ыйлады.
Алар бир аз эс ала түшкөндөн кийин, Кейт:
— Эмне болду эле? Балким сенин айызыӊдын ритми эле өзгөргөндүр? Кээде кыздардыкы ушундай болушу мүмкүн го, бул кош бойлуулуктун белгиси эмес го. Балким, бул башка нерседир, сен так айта албайсыӊ да, — деди.
Стефанинин жооп берүүсүнө чейин, дагы жарым мүнөттөй өттү. Ал көздөрү менен мурдун Кейт берген кагаз майлык менен аарчып:
— Мен билем. Бүгүн мен доктурга бардым. Менин этек кирим эки айдан бери келбей жүргөн. Мен грипп деп ойлоп жүргөндүгүм, чындыгында — кош бойлуулуктун адаттагы эле белгилери экен. Менин боюма бүткөнүнө үч ай болуп калыптыр, Кейт. Мен, мен… — деп Стефани буркурап кайрадан ыйлай баштагандыктан, сөзүн аягына чыгара албай калды.
— Оо, Стефани, — деп Кейт да аны менен чогуу ыйлай баштады. Ал курбусун кучактап, жумшак гана:
— Эч нерсе эмес, баары жайында. Мен сени мененмин. Биз мындан чогуу өтөбүз, — деп ыйлап жатты.
Бир-эки мүнөттөн кийин алар жерде бетме-бет отурушту, Кейт курбусунун колун кое бербей, кармап турду.
— Апаӊчы? — деди ал, көзүнүн жашын аарчып.
Стефани башын чайкап:
— Ал эч нерсени билбейт. Бул жөнүндө экөөбүздөн жана… доктурдан башка эч ким билбейт, — деди.
Алар дагы бир аз унчукпай, бирок ыйлаганын токтото албай отуршту. Стефани Кейтке, аны сооротуп жатканына жана мындай учурларда берилчү: «ким? качан? кантип?» деген сыяктуу ар кандай суроолор менен тажатпаганы үчүн ыраазы болду. Ошенткени менен Кейт бардыгын билиши керектигин Стефани түшүнүп турду.
— Эсиӊдеби, июнь айынын башында, апам экөөбүз чоӊ энем каза болгондо, Батыш жээкке барган элек?
— Ооба, сен ошондо бир жума жок болгонсуӊ.
Стефани башын ийкеп:
— Ошол жерде Брент деген жигит бар эле. Мен кичине кезимде, чоӊ атам менен чоӊ энемдикине жайкы каникул сайын барчумун, мен аны менен ошол кезде таанышкан элем. Биз чогуу ойноп, керек болсо, бири-бирибизди жактырып калганбыз — мында өзгөчө эч нерсе деле жок болчу, себеби биз жаш бала болчубуз. Төрт жыл мурда атам апам экөө ажырашып кетишкенде, мен чоӊ атамдардыкына жайкысын барбай калгам жана Брент жөнүндө да унутуп калган элем. Июнда барганыбызда, ага жолукканда, көргөн көзүм ишене албай турдум. Ал ушунчалык эр жетип, өзгөрүп кетиптир. Мен бош убактымдын баарын аны менен өткөрүп жүрдүм. Бизге чогуу болгон аябай жакты. Баягы бала кездеги сезимдерибиз кайтып келди, бирок биз эми бала эмеспиз да. Биринин артынан бири ээрчип жатып, күндөрдүн биринде, бул жума күнүнүн кечи эле…, биз өзүбүздү токтото албай калдык. Ошол апта түш сыяктуу өтүп кетти. Мен өзүмдү ошол күндөрү болгон нерсенин бардыгы эч нерсе эмес деп ишендирип жүрдүм. Үйгө кайтып келгенден кийин, мен кылган ишим үчүн өкүнө баштадым да, бардыгын унутууга аракет жасадым. Сага да эч нерсени айтпаганымдын себеби, бул тууралуу айтуунун кажети жок деп ойлоп, кылган ишимди мойнума алгым келген эмес. Андан соӊ, бир айдан кийин, менин этек кирим келген жок, экинчи айда да так ошондой болду. Эрте мененкисин жүрөгүм айлана баштады. Мен мунун себебин такташым керектигин түшүндүм. Бирок акыркы күнгө чейин өзүмдү «эч нерсе болгон жок» деп ишендирип жүрө бердим. Мен дагы деле ошентип жүрө бермек окшойм, бирок кош бойлуулукту аныктаган тесттин жыйынтыгы мени ойготкондой болду.
Алар дагы бир саамга унчукпай калышты. Андан кийин Кейт:
— Бул жөнүндө Брентке айтайын деп жатасыӊбы? — деп сурады.
Стефани көзүн башка жакка алып:
— Мен эмне деп ойлошту да билбей турам, Кейт, — деп оор дем алды. — Менин жашоом эки саат мурда толугу менен өзгөрдү. Мен эмне кылууну билбейм жана бул абалымдан аябай уялып жатам. Мен өзүмдү өтө жаман сезип турам. Мектептин акыркы жылына койгон биздин бардык пландарыбыз…
Ал улам акырын сүйлөп жатты, акырында таптакыр эле шыбыраган үн менен:
— Эмне кылышты билбейм, — деди.
Кейт түздөлдү да:
— Ким сага жардам бере аларын мен билем. Биз Джинниге барып, аны менен сүйлөшүшүбүз керек, — деди.
Джинни Шоу күйөөсү Даг менен чогуу Кейт менен Стефани барган жыйындагы жаштар кызматын уюштуруу менен алектенген ыктыярчылардан эле. Кыздар Машаякка ишенип калган кезде, Джинни бир нече жума бою алардын насаатчысы болуп жүргөн болчу.
— Мен бул жөнүндө Джинниге айта албаймын, — деп каршы болду Стефани. — Мен муну апама айтууну ойлогондон да корком. Андан бетер, бул жөнүндө жыйындагылардын билишин каалабайм. Мен жөн эле бул жерден кетип калгым келип жатат.
Муну уккан Кейттин жүзүндө таӊ калуу жазыла түштү.
— Сен Батыш жээкке барайын деп жаткан жоксуӊ да, туурабы?
Стефани өзүн таптакыр талкаланып калган сезип турду. Бир нече саамдан кийин ал:
— Билбейм, Кейт. Мен Брентти сүйүп калдым деп айта албайм, бирок качандыр бир убакта сүйөөрмүн. Мен апама кантип айтышты жана бала менен эмне кылышты билбей турам. Мен жөн гана бир жакка качып кетип, жашынып алгым келип жатат, — деп жооп берди ал.
— Стефани, мен сени жакшы көрөм, ошондуктан мындай кылууӊа жол бере албайм, — деди Кейт бекем үн менен. — Биз мунун баарынан, адаттагыдай эле, өтө алабыз — чогуу өтөбүз. Бирок муну жалгыз өзүбүз эле кыла албайбыз. Ошондуктан Джинниге телефон чалышыбыз керек. Ал эмне кылуу керектигин айтат жана ал эч кимге эч нерсе айтпайт.
Кейт туура нерсени айтып жатканын Стефани билип турганы менен, ал өзүн ыӊгайсыз сезип жатты.
— Балким, анын убактысы жоктур, — деп Стефани алсыз гана каршылык көрсөткөнгө аракет жасады.
Бирок Кейт ушуну күтүп турган эле. Ал телефон китепчени алып:
— Ага чалып көрөлү, ошондо анын убактысы барбы же жокпу билебиз, — деди.
Даг менен Джинни Шоулардын шаардын борборунда кичинекей басмаканасы бар эле. Кейт алардын телефонун таап, чала баштады.
— Кейт, мен…
— Мага ишен, Стефани. Сени ыӊгайсыз абалга калтыра турган эч нерсени жасабайм.
Анан Джинни Шоу телефонун алып калды. Стефани угуп турган кезде, Кейт үчөөнүн жолугушуусун макулдашты. Джиннинин күйөөсү Даг кечки саат алтыда жыйындагы эркектердин конференциясына кетмек экен. Ошентип алар башында Стефани менен Кейт пицца алып, андан соӊ саат алты жарымда Джиннинин үйүнө келүүнү макулдашты да, анын үйүндө түнөмөк болушту. Кейт Джинниге Стефани жөнүндө эч нерсе айткан жок.
Эки сааттан кийин Стефани Кейттин артынан ээрчип, өзү каалабаса да, Джиннинин үйүнө жакындады. Алардын колунда уктоочу каптар менен чоӊ пицца бар эле. Джинни аларды кубанычтуу тосуп алып кучактаганда, Стефанинин көӊүлү бир аз көтөрүлө түштү.
— Силердин чалганыӊырга абдан кубанып турам, — деди Джинни. — Даг дем алыш күндөрү жок болот, ошондуктан мага жакшы компания керек болуп турган эле.
Стефани доктурга барып келгенден кийин, аны акырындык менен толтура баштаган үмүтсүз абалын жашырууга аракет жасап жатты, бирок качан алар дасторконго отурушканда, Джинни анын капа болгон жүзүн көрүп:
— Сен жакшы элесиӊби? — деп сураганда, Стефани өзүн кармай албай калды. Буркурап ыйлап, кагаз кутудагы пицца муздап калганча, ал өзүнүн кош бойлуулугу тууралуу айтып берди. Джинни менен Кейт ага жакын келишип:
— Бардыгы жайында, Стефани, ыйлап ал. Сен бугуӊду чыгарышыӊ керек, — деп өздөрү да көздөрүнө жаш толуп, айтып жатышты.
Буга чейин өзүн чечкиндүү сезе албай жаткан Стефани Джиннинин кучагында жумшай баштады.
— Менин жашоом талкаланды, — деп онтоп жатты ал. — Мен колледжге бармак тургай, мектепти да аяктай аларымды билбейм.
— Сенин абалыӊ канчалык оор экендигин түшүнүп жатам. Бул абдан өкүнүчтүү, — деп Джинни аны сооротууга аракет кылып жатты.
— Мен аябай уялып жатам. Эми мен кантип мектептеги досторумдун көздөрүн караймын? Бул кылган ишимден кийин, мен аларга өзүмдүн машаякчы экенимди айта алмак белем?
— Бул өкүнүчтүү, Стефани. Бирок биз, Кейт жана мен, сени мененбиз, — деп Джинни аны далысынан назик гана сылап жатты.
— Эӊ жаманы, мен өтө коркунучтуу күнөө жасадым, — деди Стефани үнү титиреп. — Ыйык Жазууда никеге чейинки жыныстык катнашка тыюу салынган го, мен Кудайга муну эч качан жасабайм деп убада берген элем. Ал менден көӊүлү калганын билип турам. Биз Кейт экөөбүз никеге чейин тазалыкты сактайбыз деп бири-бирибизге убада берген элек. Мен Кудайга да, эӊ жакын курбум Кейтке да, жалганчы болдум. Өзүмдү ушунчалык жараксыз адам катары сезип жатам.
Бир нече мүнөттөн кийин Джинни аларды чогуу сыйынууга чакырды. Ал Стефаниге Кудайдын алдына келип, Ага өзүнүн сезимдерин жана күнөөсүн ачык айтып келүүсүн, ал эми ал Кейт экөө ичинен сыйынаарын айтты.
Алар кол кармашты да, Стефани биринчи сыйына баштады:
— Кудайым, Сен менин сезимдеримди Сага айта элегимде эле билесиӊ. Бирок мен баары бир, өзүмдүн канчалык уялып жаткандыгым жөнүндө айтышым керек. Мен убакытты артка буруп, өткөн нерсени өзгөртүүнү каалайт элем. Азыр мени толтуруп жаткан сезимдерден кутулууну каалайм, бирок бул мүмкүн эмес, мен муну жасай албайм.
Андан соӊ Джинни сыйынды:
— Кымбаттуу Теӊир, мен Стефани үчүн тынчсызданып жатам. Аны кандай сезимдер толтуруп жаткандыгын мен акырына чейин түшүнө албасам да, анын кайгырып жатканын көрүү мен үчүн оор. Сен анын жүрөгүн жана кайгысын көрүп турасыӊ. Сенин ага болгон сүйүүӊ токтоп калбаганын, аны колдоп, анын кыйынчылыктарын жеӊилдеткиӊ келерин түшүнүшүнө ага жардам берчи.
Кейт болсо Кудай анын курбусун сооротуп берүүсүн сурап сыйынды, андан соӊ Стефани дагы бир жолу сыйынды:
— Теӊирим, мен күнөө кылдым. Мен Сенин осуятыӊды бузганымды жана Сени капа кылганымды мойнума алам. Менин кош бойлуулугум — бул менин тил албастыгымдын жыйынтыгы экенин билем. Муну кабыл алуу мен үчүн кыйын, бирок мен билем, Сен мени сүйөсүӊ. Сен Өзүӊдүн Уулуӊду менин күнөөлөрүм үчүн өлүмгө жибергенсиӊ. Ошондуктан мени кечиришиӊди жана ушул убактан баштап менин жашоомду башкарышыӊды суранам.
Бир нече мүнөт сыйынып, сооротуу сөздөрүн айткандан кийин, Джинни:
— Сен өтө маанилүү чечимдерди жасашыӊ керек экендигин билесиӊ, Стефани, — деди.
Стефани башын ийкеди.
— Бирок бүгүн муну кылууга жакшы убакыт эмес деп ойлойм. Анткени биз эмоционалдык жактан чарчадык. Андыктан мен чогуу видео көрүп, убакыт өткөрүүгө чакырам. Ал эми эртеӊ, эрте мененки тамактан кийин, биз маегибизди улантып, ушул маселеге кайрылабыз. Буга макулсуӊарбы? — деди Джинни.
Стефани дароо макул болду.
— Мен ушунчалык чарчагандыктан, ойлоно да албай калдым. Эртеӊ жакшыраак болот го, — деди ал.
Кейт да башын ийкеди.
Андан кийин Стефани сөзүн улантып:
— Силер ушунчалык сонунсуӊар. Мен ушуну гана айткым келди. Силердин азыр мени менен чогуу болгонуӊар мага өтө маанилүү. Силер жок болсоӊор, мен эмне кылмак элем, билбейм, — деди.
— Биз сени жакшы көрөбүз, Стефани. Достор ушундай күндөр үчүн керек эмеспи, туурабы? — деди Кейт.
Алар дагы бир жолу кучакташышты, анан Джинни:
— Анда эмесе, келгиле пиццага өтөлү да, аны канчалык тез жеп бүтөрүбүздү көрөлү! — деди.
Стефани Купердин көйгөйүндөй көйгөйлөр биздин коомубузда аз эмес. Статистика боюнча, жыл сайын АКШда жыйырма жашка чейинки бойдок кыздардын бир миллионго жакын кош бойлуулугу катталып турат. Ушул кош бойлуулуктун сексен беш пайызы — күтүлбөгөн кош бойлуулук. Бул сандагы кош бойлуулуктун жарымы төрөт менен, үчтөн бири — аборт менен, ал эми калганы — бойдон түшүп калуу менен аяктайт. Балким, сиз Стефани сыяктуу эле, никеге чейин кош бойлуу болуп калганыӊыздан улам ушул китепти окуп жаткандырсыз. Сизди түрдүү сезимдер толтуруп, ар кандай суроолор пайда болуп жаткан болушу керек жана сиз чечим чыгаруунун алдында тургандырсыз. Бул китеп сизге башыӊызга түшкөн оор абалда, сизди келечекте күтүп турган нерселерде жардам берет.
Стефанинин окуясынын биринчи бөлүгүндө сиз үчүн пайдалуу боло турган бир нече жерлерин белгилеп кетсек жакшы болот.
Биринчиден, күтүлбөгөн кош бойлуулуктун натыйжасында сизди түрдүү эмоциялар толтурушу мүмкүн. Сизде бир эле учурда кайгыруу, үмүтсүздүк, айласыздык, коркунуч, керек болсо ачуулануу да болушу мүмкүн. Анан сиз ушул абалдын өзүӊүзгө, ичиӊиздеги балага, сиз менен жыныстык катнашка барган жигитке жана ушул абалга жол берген Кудайга да ачууланышыӊыз мүмкүн. Сиз өмүрүӊүздө ыйлап көрбөгөндөй ыйлашыӊыз да мүмкүн. Ошондуктан ичиӊизди эмоционалдык боштук толтурат.
Бул сезимдер нормалдуу жана кадимки эле сезимдер экенин унутпашыӊыз керек, себеби Кудай бизди ушундай кылып жаратып койгон. Сиздин эмоцияларыӊыз — бул сиздин ичиӊиздеги тереӊ кайгырууну сыртка чыгара турган клапан. Муну жакшы түшүнүп, эмоцияларды башкара билүү өтө маанилүү. Албетте, бул эмоцияларды сыртка чыгаруунун пайдалуу да, зыяндуу да жолдору болушу мүмкүн.
Сиз ичиӊизди толтурган ар кандай эмоцияларды кантип башкарып жатасыз? Джинни менен Кейттин Стефаниге берген: сезимдерин катпай, ичин толтурган кайгыны сыртка чыгарышы керек деген жөнөкөй кеӊеши туура болгон. Алар Стефанинин жанында болушуп, анын кайгысын теӊ бөлүшкөн.
Ушундай мамиледе Ыйсанын: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мат.5:4) деген сөздөрүн чагылдырып турат. Ый — бул жан дүйнөнү толтурган кайгынын сыртка чыгуу процесси. Башкалар сиздин кайгыӊызды бөлүшүп, сиз менен чогуу ыйлай алышы үчүн, сиз өзүӊүздүн кайгыӊыз жана жарааттарыӊызды аларга айтып бересиз. Так ушундай жол менен Кудай, оор абалыӊыздан улам, сиздин жүрөгүӊүздү жарааттардан айыктырууну жана сизге бата берүүнү каалайт. Ошондуктан сизде боло турган эмоциялардын бардыгын өзүӊүз түшүнгөнүӊүз абдан маанилүү жана пайдалуу болот.
Экинчи маанилүү учур — бул сооротуу. Өзүӊүздүн кош бойлуу экениӊизди билгенде, сиздин эӊ эле чоӊ муктаждыгыӊыз — бул сооронуу. Мына ушул үчүн Кейт жана Джинни Стефани менен чогуу ыйлап, анын окуясын угууга убакыт бөлүшкөн. Биздин жан дүйнөбүз ооруп жаткан кезде, биздин эӊ эле чоӊ сооронучубуз — бул башкалардын биздин кайгыбызды бөлүшө билүүсү. Кудай башка адамдар аркылуу бизди сооротот. Элчи Пабыл жазгандай: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат!» (2 Кор.1:4).
Сооротуу деген эмне? Менимче, сооротуу эмне эмес экендигин башында билип алганыбыз туура болот го дейм. Сооротуу — бул бекем жана кайраттуу болууга чакыруу эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдардын жашоосунда күтүлбөгөн көйгөйлөр боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасоо эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып тургандыгы жөнүндөгү туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы убактысы келгенде пайдалуу болушу мүмкүн, бирок булар биздин сооронууга болгон муктаждыктарыбызды толтура албайт.
Адамдар биздин оор абалыбызды сезип, биз менен кошо кайгыруусу аркылуу бизди соорото алышат. Ыйса Өзү да досу Лазар өлгөндө сооротуу кызматын көрсөтүп берген (Жак.11‑бөлүмдү караӊыз). Ыйса Лазардын карындаштары Марта менен Мариянын үйүнө келгенде, алар менен чогуу ыйлаган (33–34‑аяттарды караӊыз). Андан кийин гана Ал Өзүнүн ажайыбын — Лазарды өлгөндөн тирилтүүсү аркылуу көрсөткөн (38–44‑аяттарды караӊыз).
Эмне үчүн Ыйса кайгыдан азап тартып жаткан Марта менен Марияга: «Ыйлаштын кереги жок, Лазар жакында тирилет» деп айткан эмес? Анткени ошол учурда алар кайгысын теӊ бөлүшкөн адамга муктаж болуп турушкан. Ыйса алардын кайгысы менен көз жашын теӊ бөлүшүп, алардын муктаждыгын толтуруп берген. Андан кийин гана Ал керемет жасап, алардын кайгысын кубанычка айланткан.
Биз кыйналып жатканда жалгыз эмес экенибизди билсек гана соороно алабыз. Пабыл элчи да бизди: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) — деп үйрөткөн. Сиз кайгырып жатканда, адамдар сизди кайраттуу болууга чакырып же кайгынын себептерин түшүндүрүүгө аракет жасашы мүмкүн. Албетте, алар сиз үчүн кам көрүп, сизге жардам бергиси келип жатканы шексиз. Бирок алар чыныгы сооротуу эмне экендигин билбеши мүмкүн. Ошондуктан жаныӊызда сиз муктаж болгон сооронучту бере алган Кейт Холмстай же Джинни Шоудай адамдар болушу өтө маанилүү. Кимдир бирөөнүн сиз менен чогуу ыйлап, кайгыӊызды бөлүшкөндүгү аркылуу, сиз Кудайдын кам көрүүсүн сезе аласыз. Кейт менен Джинни — оор мезгилдеги чыныгы сооротуучулардын эӊ мыкты үлгүлөрү.
Анан дагы, Стефани Кудайга каршы жасалган күнөөнүн көйгөйүнө туш болгон. Ушул эле көйгөйгө сиз да туш болушуӊуз мүмкүн. Никеге чейинки жыныстык байланыш кечирилбес күнөө болуп эсептелинбейт. Ал канчалык олуттуу жана сиздин гана эмес, башкалардын да, мисалы, жигитиӊиздин жана жакындарыӊыздын жашоосун талкалабасын, кечирим алууга мүмкүн. «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жак.1:9) — бул сөздөр биздин күнөөлөрүбүздүн канчалык оор болгонуна карабастан, бардыгыбызга тиешелүү. Сизди сүйгөн жана сизди сооротуп жаткан адамдар сиз күнөөӊүздү ачык айтып тобо кылганда жана Кудайдын кечиримин алып жаткан учурда, сиз менен бирге сыйынууга ар дайым даяр болушат.
Ошондуктан сезимдериӊизди толугу менен түшүнүү, башка адамдардан сооронуч алуу, күнөөӊүздү мойнуӊузга алып тобо кылуу жана Кудайдын кечиримине ээ болуу — мунун бардыгы күтүлбөгөн кош бойлуулукка карата сиз жасаган кадамдардын эӊ маанилүүсү. Бирок Джинни Стефаниге айткандай, жашоонун башка аспектилерин да карап чыгуу керек. Бул аспектилер сиздин балаӊыздын төрөлүшү кимдердин жашоосуна таасирин тийгизерине байланыштуу болот.
Стефанинин окуясы
Стефани, өзү күтпөгөндөй, жакшы уктады. Ал бир-эки жолу гана ойгонуп, бирок ошол замат кайрадан уйкуга кетип жатты. Анын жанында Кейт менен Джинни болгондугу, анын жүрөгүндөгү оор жүктүн бир бөлүгүн алып салгандай болду.
Эрте мененки тамактан кийин Джинни, Стефани жана Кейт колдоруна ысык чайларын алып, чоӊ бөлмөгө киришти. Андан кийин Стефани каалабаган сүйлөшүү башталды.
— Стефани, сен азыр апаӊа өзүӊдүн кош бойлуулугуӊ жөнүндө айтып беришиӊ керек, бул абдан маанилүү, — деп Джинни сөздү баштады.
Муну уккан Стефани чоочуп кетти да:
— Мен билем, бирок ал абдан капа болот. Ал атам экөө ажырашкандан бери, ансыз деле кыйналып жүрөт. Ошондуктан анын жашоосун мындан да оорлонткум келбейт, — деди.
— Кааласаӊ мен сени менен барайын, макулсуӊбу? — деп сунуш кылды Джинни.
Стефани жеӊилдей түштү:
— Мен да ушундай болсо экен деп үмүттөнүп жаткан элем. Рахмат! — деди.
— Апаӊ бүгүн үйдө болобу? Аны менен бүгүн сүйлөшө алабызбы? — деп сурады Джинни.
— Ооба, бүгүн анын эс алуу күнү, — деп тынчсыздана жооп берди Стефани. — Биз ага телефон чалып көрсөк болот. Бирок мен эмне деп айтам?
— Бул тууралуу дагы сүйлөшөбүз, — деди ишендире Джинни. — Сен эмне кылуу керектигин жакшыраак түшүнүп калган кезде. А атаӊчы? Мен аны тааныбайт окшойм.
Стефани башын чайкап койду.
— Атам бизден төрт жыл мурда кетип калган. Ал башка шаарда жашайт жана биз анча деле мамилелешпейбиз. Менин байкем да бар, ал университетте окуйт.
Джинни башын ийкеп койду.
— Апаӊ экөөӊөр аларга кантип айтуу керектигин жакшыраак билесиӊер, — деди.
Андан кийин Джинни бир аз ойлонуп:
— Азыр мен сага бир нече суроо бергим келип турат, балким, сен бул тууралуу мурда ойлонгон болушуӊ керек. Сен бул чечимдерди сөзсүз эле азыр кабыл алышыӊ керек эмес. Бирок биз апаӊ менен сүйлөшүп баштаганга чейин, сен эмне кыла тургандыгыӊ жөнүндө жакшы түшүнүп алышыӊ керек, — деди.
— Макул.
Джинни өтө олуттуу сүйлөй баштады.
— Биринчиден, сен аборт жөнүндө ойлогон эмес белеӊ?
— Эгерде ушул суроону жарым жыл мурда сурасаӊ, анда мен: «Жок, эч качан!» деп жооп бермекмин. Мен Машаякка ишене элек кезимде да, абортко каршы болчумун. Бирок ал кезде мен кош бойлуу эмес элем да. Эмне үчүн кыздардын көбү аборт кылдырарын азыр түшүнүп турам. Бир карасаӊ, бул менин көйгөйүмдөн чыгуунун жеӊил жолундай көрүнөт. Акыркы күндөрү ушул ой мага жага баштаганынан, мен өзүмдү ыӊгайсыз сезип, уялып жатам.
— Стефани, сен чын эле аборт жөнүндө… — деди Кейт тынчсыздана.
— Жок, эч качан! — деп анын сөзүн бөлдү Стефани. — Мен аборт күнөө экендигин билем жана Кудайдын мыйзамын кайрадан бузуу менен азыркы абалымды мындан да начарланткым келбейт. Андан да, менин ичимде тирүү адам бар, мен болсо Кудайды жана адамдарды сүйүшүм керек. Ошондуктан аборт жасоо менен мен аны сүйгөндүгүмдү көрсөтө албайм.
— Стефани, канчалык кыйын болооруна карабастан, сенин Кудайды сүйүп, Ага баш ийүүнү каалаганыӊ менен суктанып турам, — деди Джинни.
— Мен дагы, — деп кошумчалады Кейт.
— Бирок сен мага бир нерсени убада кылышыӊды каалайм, — деди Джинни. — Эми сени Брент жана анын үй-бүлөсү, же сенин туугандарыӊ менен досторуӊ да аборт кылууга көндүрүү үчүн басмырлашы мүмкүн. Ошондуктан эгер сенде шектенүүлөр башталса, анда мага сөзсүз, күндүзү болобу, түндөсү болобу, телефон чалам деп убада беришиӊди каалайм. Макулбу?
— Ооба, албетте. Менин жоопкерчиликти сезүүмө мүмкүнчүлүк берип жатканыӊ үчүн ыраазымын, — деп жооп берди кайраттуу үн менен Стефани.
Анан Джинни кийинки суроого өттү.
— Сен Брентти сүйөсүӊбү? Ага турмушка чыгууну каалайсыӊбы?
Стефани кабагын бүркөп:
— Мен Брентти таптакыр сүйбөйм. Мен аны жакшы да билбейм. Бул жөн гана балалык кызыгуу болгон жана өзүмчүлдүк деп да айтса болот. Үй-бүлө курууга негиз боло турган ортобузда эч нерсе жок. Анан дагы, ал батышта жашайт, а мен болсо бул жердемин. Экөөбүздүн ортобузда… ушудан башка эч нерсе жок, — деди Стефани, чоӊоюп жаткан курсагын көрсөтүп.
— Анда сен баланы өзүӊ жалгыз тарбиялайын деп жатасыӊбы? — деп сурады Джинни.
— Азырынча, билбейм, — деди Стефани, ойлоно шыпты карап. — Мен дайыма эне болууну каалачумун. Бирок мен мектепти да аяктай элекмин. Менин жумушум жок, ал эми апамдан мени да, баламды да багып берүүсүн сурануу, мен тараптан адилетсиз болмок. Ошондой эле, эртели-кеч жумушта жүргөн эненин колунда тарбия алуу — балага жакшы экендигинен шектенип турам. Мен бул жөнүндө дагы ойлонушум керек.
Джинни суроосун улантып:
— А эгерде Брент менен анын үй-бүлөсү баланы багып, тарбиялоону каалашса, буга кандай карайсыӊ? — деди.
Стефани кайрадан кабагын салып:
— Мен анын ата-энесин тааныбайм да. Эгерде мен баламды башка үй-бүлөгө берсем, анда ал үй-бүлөдө жакшы тарбия аларына көзүм жетиши керек деп ойлойм.
— Демек, сен балаӊды асыроого берүү жөнүндө мурда ойлогон турбайсыӊбы? — деп сурады Кейт.
— Бул варианттардын бири гана экенин билем, — деп үшкүрдү Стефани. — Бирок бул тууралуу мен дагы көбүрөөк ойлонушум керек. Брент да буга катышууга тийиш деп ойлойм.
— Башкача айтканда, Брент баланын атасы экенинен эч шектенген жоксуӊ? — деп сурады Джинни.
Стефани күлүп жиберди да:
— Бул менин, сактанганмынбы же жокпу, бирок биринчи жолу жыныс катнашка барышым болчу. Анан менин боюма бүтүп калды. Ошондуктан, ооба, Брент — баланын атасы экендиги эч шексиз, — деди.
Стефани, Джинни жана Кейт, болочокто төрөлө турган баланын тагдырына тийиштүү чечимдерди талкуулап, дагы бир сааттай отурушту. Кейт менен Джинни кандай гана жардам болбосун: доктурга барууда, төрөттөн кийин мектеп менен жардам берүүдө, эгерде Стефани баланы асыроого берүүнү чечсе, анда асырап алуу агентстволору менен сүйлөшүүдө да жардам берүүгө убада беришти.
Андан соӊ Джинни Стефанини апасы менен сүйлөшүп жатканда, ага эмне деп айтышы керектигин ойлонуп чыгууга жардам берди. Андан кийин алар кайрадан кол кармашып, чогуу сыйынышты. Кейт менен Джинни Стефани үчүн акылмандык сурап, анын апасы, атасы жана байкеси менен сүйлөшүүсүнө, ошондой эле Брент жана анын ата-энеси менен да сүйлөшүүсүнө жардам берүүсүн сурап, Кудайга сыйынышты.
Стефани Джиннинин үйүндөгү жылуу жана жагымдуу маанай болгону үчүн, ошол жерде дагы көбүрөөк калууну каалап жатты. Бирок ал эмне кылышы керектигин да жакшы билип турду. Анан Кейт үйүнө шашыла баштады: ал байкеси менен чогуу ишемби күндөрү кеӊселердин полун жуушчу. Ал Стефани үчүн сыйынып турарын убады кылды да, кетти. Ал кеткенден кийин, Джинни Стефани менен чогуу унаага отуруп, Стефанинин апасы менен сүйлөшүүгө жөнөштү.
Стефани өзүнүн кош бойлуулугу тууралуу билгенде, аны толтурган коркунуч сезимдерден улам, ага сооронучтан да көбүрөөк нерсе керек эле. Сиз үчүн дагы ушул учурда маанилүү болгон эки нерсе бар.
Биринчиден,
Кейт менен Джинни Стефаниге көрсөткөн колдоосу жөнүндө ойлонуп көрүӊүзчү. Алар Стефани кабыл алышы керек болгон маанилүү чечимдерин ирээтке келтирүүсүнө жардам бере алышты. Жана дагы Стефаниге керек болгон учурларда, унаасы менен да жардам берүүгө даяр болушту. Ошондой эле, эгерде Стефани баласын асыроого берүүнү чечсе, анда асыроо агентстволору менен да жардам берүүгө убада беришти. Стефани Джинни менен Кейттин эмоционалдык жактан гана жардам бергенине эмес, алар ага иш жүзүндө да жардам бере алышарына көзү жетти.
Бирок сиз бирөөнүн жардам берейин деген сунушун этибарыӊызга албай, же андан таптакыр эле баш тартууну каалашыӊыз ыктымал. Сиз бардыгын өзүӊүз эле жасап кое алам деп эсептешиӊиз мүмкүн, же өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүз менен башка адамдардын тынчын алууну каалабайттырсыз. Бирок мындай кылбаӊыз. Сиздин жашооӊузда сиз башка адамдардын жардамына муктаж болгон күндөр болоорун Кудай билет, ошондуктан Ыйык Жазуудагы Галаттыктарга жазылган катта (6:2) бул тууралуу сөздөр жазылган. Башка адамдар сизге жардам берүүсүнө жол бериӊиз жана алган жардамыӊыз үчүн ыраазы болуӊуз. Анткени сиздин башыӊызга кыйынчылык түшкөн мезгилде, Кудай ушундай жол менен сиз үчүн кам көрүп жатканын көрсөтүп жатат.
Сиз иш жүзүндөгү жардамга муктаж болуп жатасыз дейли, бирок эч ким сизге өз жардамын сунуштабай койсо кандай болот эле? Ошондуктан сураӊыз. Өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүздү жакын, ишенимдүү досуӊузга, жаштар кызматынын жетекчисине же жыйын кызматчысына айтып берип, алардан жардам сураӊыз. Жардам суроонун жаман жери жок. Мисалы, эгерде Джинни Стефаниге анын апасына чогуу барууну сунуш кылбаган күндө да, ал өзү андан суранса болот эле. Көпчүлүк учурда адамдар жардам берүүнү каалашат, бирок эмне кылышты билишпейт. Сиз аларга кандай жардамга муктаж экендигиӊизди айтып берип, сизди колдоосуна көмөктөшүӊүз.
Анан да
Жана дагы бир ирет кайталап кетмекчимин, эгерде муктаж болуп турганыӊызда сизди эч ким кубаттабай жатса, анда сураӊыз. Сиз үчүн кам көрүп жаткан адамга: «Мени кучактачы» же «Менин жанымда болуп турчу» деп сурануу кадимки эле көрүнүш.
Стефани аны сүйгөн эки курбусунан сооронучту, колдоону жана кубаттоону алып жаткан учурда да, ал бир нече суроолорго өзү жооп бериши керек эле. Ал анын гана жашоосуна эмес, бул жарык дүйнөгө келе элек наристенин жашоосуна да тиешелүү болгон чечимдерди кабыл алышы керек. Төмөнкү суроолор сизге анча жагымсыз болушу мүмкүн жана аларга жооп берүү сизге оор болушу ыктымал. Бирок бул суроолорго Джинни Шоу же Кейт Холмстай адамдардын: жаштар кызматчысынын, жакын курбуӊуздун, атаӊыздын же апаӊыздын, же болбосо жыйын жетекчиӊиздин жардамы менен жооп берүүгө аракет жасап көрүӊүз.
Аборт — бул адам баласын эӊ эле мыкаачылык жол менен өлтүрүү. Көпчүлүк абортторду жатындын ичиндеги түйүлдүктү вакуумдук аспап менен сордуруп чыгаруу менен жасашат. Башка ыкмасы — жатынды ачып, атайын бычак менен түйүлдүктү кескилеп, жатындан кырып алып чыгышат. Дагы бир ыкмасы — бул ич көӊдөйүнө атайын эритмени сайып, түйүлдүктү ууландыргандан кийин, жасалма толгоо чакырып төрөтүп алышат.
Аборт жасаган көп аялдар өздөрүнүн балдарына эмне кылгандыгын түшүнүшкөндөн кийин, көп жылдар бою олуттуу психикалык жана эмоционалдык көйгөйлөрдөн азап тартышат. Аборт — бул качандыр бир убакта сизди «апа» деп айта турган баланы өлтүрүү. Азыр сиз өзүӊүздүн кош бойлуулугуӊузга байланыштуу башка көйгөйлөрдү чечүү менен кыйналып жаткандырсыз, бирок бул көйгөйдүн чечүүнүн сиздин катачылыгыӊыздын натыйжасында пайда болгон күнөөсүз жанды өлтүрүүдөн башка жолу да бар.
• Сиз балаӊыздын атасы менен азыр эле баш кошууну каалайсызбы? Кош бойлуу боло элек кезде деле силер баш кошууну каалаган белеӊер?
• Сиз жана баланын атасы экөөӊөр үй-бүлө куруу жана ата-эне болуу жоопкерчилигин алуу үчүн, акыл-эстүүлүк жактан, эмоционалдык жактан жана руханий жактан жетишерлик денгээлде жетилгенсиӊерби?
• Эгерде силер азыр баш кошсоӊор, анда бул чечимиӊер сиздин жана жигитиӊиздин мындан аркы окуусуна жана карьерасына кандай таасирин тийгизет? Баланы материалдык жактан камсыздай аласыздарбы?
• Сиздердин үй-бүлөӊүздөрдүн мүчөлөрү жана чоӊдору ушул көйгөйдү сиздердин баш кошууӊуздар менен чечүүгө макулбу? Ушул чечим сиздерге да, балага да жакшы болобу?
• Эгерде сиздер баш кошууну жана баланы чогуу тарбиялоону чечсеӊиздер, анда сиздердин үй-бүлөӊүздөр менен досторуӊуздар жардам берүүгө даярбы?
• Эгерде баланы өзүӊүз жалгыз тарбиялоону чечсеӊиз, бул сиздин окууӊузга жана андан аркы карьераӊызга кандай таасирин тийгизет? Ошондой эле, ушунун бардыгы балаӊызга да кандай таасирин тийгизет?
• Кайсы жерде жашайсыз жана баланы материалдык жактан кантип камсыздайсыз?
• Сиз сабакта же жумушта болгон кезде, баланы ким карайт? Баланы бала-бакчага жиберүү эӊ мыкты жана ыӊгайлуу түрү деп, же болбосо таптакыр болбойт деп эсептейсизби?
• Эгерде сиз баланы атасы жок өстүрүүнү ойлоп жатсаӊыз, анда атанын милдетин бир аз болсо да ала алган адамды (бул сиздин өзүӊүздүн атаӊыз, улуу байкеӊиз же башка эр жеткен машаякчы бир тууган) билесизби?
• Баланы жалгыз тарбиялоо үчүн сиз акыл-эстүүлүк жактан, эмоционалдык жактан жана руханий жактан жетишерлик жетилгенсизби? Баланын эмоционалдык, ден-соолук жана руханий жактан адекваттуу өсүп-өрчүшүн камсыздоого мүмкүнчүлүгүӊүз жетеби?
• Эгерде сиз баланы жалгыз тарбиялоону чечсеӊиз, сиздин үй-бүлөӊүз менен досторуӊуз жардам бере алышабы?
• Ушул варианттын кандай артыкчылыктары бар? Мисалы, сиз окууӊузду аяктап, андан ары карьераӊызды уланта аларыӊыз — артыкчылыктардын бири. Ал эми балаӊызды башка адамдарга берип коюу менен сиз өтө чоӊ жоготууга дуушар болосуз — бул болсо ушул варианттын кемчилиги. Артыкчылыктар менен кемчиликтердин ар тараптуу багыттарын карап чыгыӊыз: билим алуу жактан, материалдык жактан, эмоционалдык жана руханий жактан.
• Эгерде артыкчылыктар менен кемчиликтердин бардыгын карап чыккандан кийин, бул вариантты башка варианттар менен салыштырганда кандай көрүнөт?
• Сиздин туугандарыӊыз менен эр жеткен досторуӊуз баланы асырап алууга берүү — бул бала үчүн да, сиз үчүн да эӊ эле жакшы чечим экенине макулбу?
Бул чечимдерди сиз бир нече сааттын же бир нече күндүн аралыгында чечишиӊиз керек эмес. Бул тууралуу сыйынуу менен ойлонуп көрүӊүз, үй-бүлөӊүз жана жакын досторуӊуз менен кеӊешиӊиз, сиз кабыл алган чечим Кудайды даӊкташына жана балага эӊ эле мыкты боло турган чечим болоруна көзүӊүз жетсин.
Бул процесс, адатта, өзүӊүздүн кош бойлуулугуӊузду ата-энеӊизге айтып берүүдөн башталат. Азыр Стефани да ушул кадамды жасаганы турат.
Стефанинин окуясы
Болгон окуянын баарын апасына айтып бериши керектигин ойлогондо, Стефани абдан коркуп жатты. Джинни, ата-энеси бул кабарды уккан кезде, алар да, Стефани сыяктуу эле, түрдүү сезимдерге: уялуу, коркунуч, айыптоого толушу мүмкүн экендигин Стефаниге айтып, аны алдын-ала даярдап койду. Ошондой эле алар Стефани аларды сатып кеткендей сезгендиктен, ага ачууланышы да мүмкүн эле.
— Так эле сен сыяктуу, сенин ата-энеӊ да сенин кош бойлуулугуӊду укканда, муну кабыл алуу кыйын болот, — деп түшүндүрүп жатты ал, алар унаада кетип бара жатканда. — Муну кабыл алып, анын артынан боло турган нерселерге даяр болуу үчүн аларга убакыт керек.
Кантсе да, Стефани апасын бул кабар менен кыйнагысы келген жок.
Алар үйгө жеткенде, Стефанинин апасы Клэр бир иштер менен үйдөн кетейин деп жаткан экен.
— Апа, Джинни экөөбүз сени менен сүйлөшөйүн дедик эле. Беш мүнөткө отура турасыӊбы? — деди Стефани.
Кызынын олуттуу маанайы жана Джиннинин келиши Клэрдин бир аз тынчын ала түштү да, ал макул болду.
Тереӊ дем алып алган соӊ, Стефани:
— Кечээ мен… кош бойлуу экенимди… билдим, — деди.
— Сен… кош бойлуу? Кантип? Эмнеге… кандайча?.. — Клэрдин жүзүндө ишенбестик жазылып турду.
Стефани июнь айындагы Брент менен кантип жолукканы жөнүндө жана кош бойлуулугун текшерген тест жөнүндө кыскача айтып берди. Эси оогон энеси аны унчукпастан угуп отурду.
— Апа, сени ушундай кабар менен капа кылганым үчүн кечирчи, — деп сөзүн улантып, көздөрүнөн жаш куюлуп жатты. — Мен мындай болушун каалаган эмесмин. Джиннинин жардамы менен мен Кудайдын алдында тобо кылып, Андан кечирим сурадым. Бирок мунун баары сага көп ыӊгайсыздыкты жаратып, сенин түйшүгүӊдү көбөйтөт. Ошондуктан мен сенден кечирим сурайм.
Клэр ыйлап жиберди да:
— Албетте, мен сени кечирем, Стефани. Мен азыр капа болуп жана кыйналып турам, бирок мен сени кечирем, — деди.
Энеси кызы менен кучакташып алышып, чогуу ыйлай башташты.
Алар көздөрүндөгү жашты аарчыгандан кийин, Джинни:
— Клэр, биз Стефани экөөбүз, анын кош бойлуулугу силерге да, ага да кандай таасирин тийгизери жөнүндө сүйлөштүк. Ал керектүү чечимдерди чыгарышына убакыт жана сенин колдооӊ керек болот. Бирок ал өзүнүн азыркы ойлору менен бөлүшсө жакшы болмок, туурабы? — деди да, Стефаниге башын ийкеди.
— Биринчиден, мен аборт жасатпай турганымды билишиӊди каалайм, — деди ал бекем үн менен. — Бул туура эмес, ошондуктан мен муну кылбайм.
— Сен муну айтып жатканыӊ үчүн кубанып турам, кызым, — деди Клэр. — Кудайга да сенин бул чечимиӊ жагарын билем, бирок бул чечимиӊ сага бала үчүн өтө чоӊ жоопкерчиликти жүктөйт.
Стефани сөзүн улантып:
— Жана дагы, мен Брент менен баш кошууну каалабайм, азырынча. Биз үй-бүлө куруу үчүн жетиле элекпиз жана биз бири-бирибизди сүйбөйбүз. Менин оюмча, Брент да буга макул болот. Брент жана анын үй-бүлөсү менен сүйлөшүүгө убакыт келгенде, сен мага алар менен сүйлөшүүмө жардам бересиӊ деп үмүттөнөм, — деди.
— Албетте, — деп ишендирди Клэр. — А бала жөнүндө кандай пландарыӊ бар?
Стефанинин жообу анын апасына да, атасына да жана үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө да тереӊ таасир калтырарын билип турду. Себеби бул бала анын эле баласы болбостон, ата-энесинин биринчи небереси да.
— Мен азыр билбейм, — деп жооп берди ал. — Сен бул тууралуу сыйынып турасыӊ, баланы өзүмө калтыруу керекпи, же аны асыроого беришим керекпи, бул тууралуу экөөбүз чогуу сүйлөшөбүз деп үмүттөнөм. Бул менин жашоомдогу эӊ кыйын чечим экендигин билем. Мен дагы ойлонуп, туура чечим кабыл алгым келет.
Клэр буга макул болуп, башын ийкеди.
— Рахмат, мени менен кеӊешип, менин оюмду сурап жатканыӊ үчүн. Мен үчүн бул абдан маанилүү, — деди ал.
Андан соӊ алар үчөө отуруп алышып, бул кош бойлуулуктун артында эмнелер күтүп тургандыгы тууралуу талкуулашты. Стефани күзгү семестрдеги окуусун баштоону кааларын айтты, анан Джинни Клэр менен Стефаниге, дүйшөмбү күнү мектептин башчылары менен сүйлөшүп келүүнү кеӊеш кылды. Андан кийин, алар бул кабарды атасы менен байкесине Стефани кантип угузушу керектигин талкуулашты да, акыры, кечке маал аларга жөн гана телефон чалып айтуу жетиштүү болорун чечишти. Анан Стефани Брентке да телефон чаларын айтып, апасынан жанында болуусун суранды.
Андан кийин баланы жалгыз тарбиялоо менен башка үй-бүлөгө асыроого берүүнүн артыкчылыктары менен кемчиликтери жөнүндө да бир аз сүйлөшүп отурушту. Акырындык менен алар Стефанинин окуусу менен карьерасы, алардын чечимине кандай таасир тийгизе аларын сүйлөшүүгө өтүштү. Ошентип, сүйлөшүп бүткөндөн кийин, Джинни кетер алдында алар үчүн Кудайдын акылмандыгы менен жетегин сурап сыйынды. Анан Стефани апасы экөө сүйлөшкөнүн улантышты.
Бул күндө болгон нерселердин бардыгын ойлогондо, Стефанинин уйкусу качты. Атасы менен, андан соӊ байкеси Джо менен сүйлөшүү өтө оор болду, мурункудан да көбүрөөк көз жаш төгүлдү. Атасы кабарды укканда, абдан каарданып, нааразы болду, ал эми байкеси бардыгына жогорудан карап, кош көӊүл мамиле жасады. Стефани болсо, ал үчүн маанилүү болгон бул адамдар менен мамилесин иретке келтирип беришин сурап, Кудайга сыйынып жатты.
Стефани Брентке айтканда, ал акырына чейин ишене алган жок, анан Стефани аны доктурга чалып, аны менен сүйлөшүүнү сунуш кылгандан кийин гана ишенди. Ал ушунчалык эси ооп калгандыктан, эмне деп айтуу керектигин да билбей туруп калды. Стефани аны ата-энеси менен сүйлөшүп, бир нече күндөн кийин кайрадан ага телефон чалуусун суранды.
Уйкуга кетер алдында Стефани колун курсагына кайрадан койду. Ал баласынын кебетесин элестетип, азыр ал кандай көрүнөөрүн жана төрөлгөндөн кийин кандай болорун элестетүүгө аракет кылып жатты. Ким болду экен, кызбы же уулбу? Ал ага окшош болобу же Брентке окшош болобу? Ал башка үй-бүлөдө бактылуу болобу же кандай гана абал болбосун, баланы тарбиялоо жоопкерчилигин өзүнө алышы керекпи? Суроолор биринин артынан бири чыгып жатты, бирок аларга жооп табуу кыйын эле.
Кантсе да, анын акыркы ою, бүгүнкү күн үмүт менен аяктады, ал буга жеӊилдей түштү. Анткени өзүнүн кыйын абалында, ал жалгыз эмес эле. Насаатчысы Джинни Шоу, жакын курбусу Кейт жана аны жакшы түшүнгөн апасынын жардамы менен, Стефани туура багытта кетип бара жатканын билди.
Сиз өзүӊүздүн кош бойлуулугуӊуз тууралуу ата-энеӊизге, мүмкүн болушунча, эртерээк айтууӊуз зарыл жана бул абал аларга да, сизге да кандай таасир тийгизээри жөнүндө талкууну эрте баштаганыӊыз өтө маанилүү. Төмөндө ушул сүйлөшүүгө даярданып алышыӊыз үчүн бир нече кадамдар берилген.
Ата-энеӊиздин сезимдерин сыйлап, алардын кеӊешин угууга даяр экениӊизди көрсөтсөӊүз, алар келерки айларда сиздин ишенимдүү тирегиӊиз боло алышары шексиз. Сиздин эӊ жакын адамдарыӊыз сиз тарапта экенин билүү сиздин эмоционалдык жүгүӊүздүн бир кыйласын жеӊилдетип кое алат. Стефани да ушуну жакшы түшүнүп калды.
Стефанинин окуясы
Стефани Джинниге акыркы кабарды айтуу үчүн, экөө унаага отурганга чейин күтө турду. Клэр бүгүн жумушуна барышы керек болгондуктан, Джиннинин Стефанини доктурга текшерүүгө алып барып келүүсүнө макул болду.
Колун чоӊоюп бараткан курсагына коюп, Стефани:
— Бул кыз экен. Бул жолкусунда сүрөтү даана көрүндү. Алар бардыгы жакшы экендигин айтышты. Баланын дени сак жана өрчүшү жакшы дешти, — деп жарыялады.
— Кыз! Бул эӊ сонун да! — деди кубанган Джинни. — Өзүӊ жакшы элесиӊби?
— Менби? Ооба, бардыгы жайында. Доктур менин бир аз салмак кошконумду айтты, бирок бул эч нерсе эмес..
— Жок. Бул кыз экенин билгенде, сен өзүӊдү кандай сезгениӊ жөнүндө сурап жатам. Бул кабар сенин чечим чыгарууӊа кандайдыр бир таасирин тийгизеби? — деп сурады Джинни.
Стефани бир саамга ойлоно калды, анан:
— Мен кыз экенин сезип жүргөм жана мен буга кубанып жатам. Албетте, мен кызымды өзүм тарбияласам жакшы болмок. Бирок апам экөөбүз бул жөнүндө көп сүйлөштүк, сыйындык жана көз жашыбызды төктүк. Эгерде ал аны сүйгөн жана ал үчүн кам көргөн атасы да, энеси да бар болгон толук үй-бүлөдө чоӊойсо, ал үчүн жакшы болорун мен билем.Ошондуктан биз аны жакшы үй-бүлөгө берүүнү чечтик, — деди.
— А Брент менен анын ата-энеси бул чечимиӊерге макул болуштубу? — деп сурады Джинни.
— Ооба. Эгерде мен баш кошууну каалаган адам кызымдын атасы болгондо, бардыгы башкача болмок. Бирок биз Брент экөөбүз баш кошууну каалабайбыз жана экөөбүз муну жакшы түшүнүп турабыз. Анан дагы, эгерде мен кызымды өзүм жалгыз тарбиялоого даяр болсом, бардыгы башкача болмок. Бирок мен буга даяр эмесмин. Ошондуктан биздин үй-бүлөлөрүбүз баланы татыктуу камсыздай алган башка үй-бүлө тарбиялап өстүрүшүнө макул болушту.
Бир мүнөттөй Джинни унчукпай отурду. Анан ал:
— Стефани, сен үчүн өзүӊдүн кызыкчылыгыӊа караганда, баланын кызыкчылыгы маанилүүрөөк экендигин түшүнүп жатканыӊды көрүп, сага суктанып жатам, — деди.
Бул сөздөрдү укканда Стефанинин ичи жылый түштү.
— Рахмат, бирок сага, апама жана Кейтке окшогон адамдарсыз мен эч нерсе кыла албайт болчумун. Силердин колдооӊор жана кубаттооӊор менин чечим кабыл алышыма абдан жардам берди.
Джинни ыраазы болуу менен башын ийкеп койду. Андан соӊ ал:
— Мектепте окууларыӊ кандай? — деп сурады.
— Бардыгы жакшы. Мен төрөгөнгө чейин сабакка барып турам, андан кийин үйдө өз алдымча окуйм. Башка окуучулар менен чогуу мектепти аякташым үчүн, төрөгөндөн эки жумадан кийин, мен мектепке кайтып барышым керек.
— Мен сен үчүн кубанып турам, Стефани. Бардыгы жакшы эле болуп жаткандай көрүнөт, — деди Джинни.
— Ооба, — деп макул болду Сефани. — Ушул өткөн бир нече ай бою мага Римдиктерге жазылган каттын сегизинчи бөлүмүнүн жыйырма сегизинчи аяты өзгөчө пайдалуу болду. Анткени Кудай ушул кыйын абалды жана анын таасирин мен үчүн жакшылыкка айландырып бергенин көрдүм.
Джинни жылмайып:
— Бул эӊ сонун кабар, Стефани. — деди.
Сиздин кош бойлуу болуп калганыӊыз үчүн жана анын кесепеттеринен сиз көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгонуӊузга карабастан, сиз үчүн жакшы жаӊылык бар:
Сиз айыгуу процессин азыр, азыр эле Кудайга сыйынып, Андан сооронуч сурап кайрылуу менен баштасаӊыз болот. Балким, төмөндө берилген үзүндүлөр сиздин оюӊузду жана сезимдериӊизди Кудайга ачып берүүӊүзгө жардам бере алар:
Теӊирим, Сенин Сөзүӊдө айтылгандай, Сен жүрөгү жаралангандарды айыктырасыӊ жана алардын кайгысын көтөрөсүӊ, азыр мен да ушуга муктаж болуп турам. Мен сезип турам…
Ыйык Жазууда Сен бизди ар кандай оор кайгыбызда соорото турганыӊ да жазылган, ошондуктан Сенин сооротууӊду суранам…
Авторлор жөнүндө
ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматтын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатындагы Даллас шаарында жашашат.
ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажрыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.